Улукбек Марипов Сауд Арабиясына элчи болот

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Улукбек Мариповдун талапкерлигин Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси кызматына колдоду.

Улукбек Мариповду депутаттарга тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев тааныштырды.

Эскерте кетсек, Марипов 2021-жылдын 3-февралынан 5-майына чейин өкмөт башчы кызматын аркалап келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД