Камсыздандыруу төгүмдөрүнө байланышкан мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, тагыраагы, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү" жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Гульнура Джуматаева мыйзам долбоору чакан жана орто ишкердик субъектилерин колдоого багытталганын белгилеп: "Мамлекеттик бюджеттен каржыланган жана мамлекеттин үлүшү 51%дан ашык болгон уюмдарды, ишканаларды жана мекемелерди кошпогондо, түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъектилер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн регресси́вдүү шкаласын белгилөө аркылуу тариф чендерин 2022-жылдан баштап, 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө азайтуу каралууда", – деди.

Талкуу маалында комитет төрайымы Динара Ашимова эмне үчүн үч жылдык мөөнөт каралып жатканына кызыгып: "Ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп жатканыңыздар абдан жакшы. Бирок көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда бул мөөнөт өтө аз болуп калат. Анткени үч жылдан кийин кандай кепилдиктер болоору мыйзамда көрсөтүлбөптүр", – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Гульнура Джуматаева бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен эксперимент катары үч жыл чегерилгенине токтолуп: "Андан соң мөөнөттү токтотуу же узартуу маселеси каралат. Бирок сунуштар болсо, кайра карап чыгууга даярбыз",– деди.

Талкуудан соң бардык сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД