Лифтти алмаштыруу үчүн кандай документтер керектелет?

Лифттерди капиталдык оңдоо же модернизациялоо (алмаштыруу) Турак жай ээлеринин шериктештиктери түзүлгөн үйлөрдө гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, лифтти алмаштыруу үчүн жашоочулар "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасына кайрылып, төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

- Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин төрагасынын арызы;

-берилген документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- арыз берүүчү жактын ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;

- көп кабаттуу Турак жайдын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун (жалпысынан кеминде 51%ы) капиталдык оңдоодон өткөрүү же модернизациялоо жана балансына кабыл алуу жөнүндө протоколу.

"Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы шаардагы муниципалдык лифттерди тейлөөчү адистештирилген уюм болуп саналат.

Белгилей кетсек, жүргүнчү лифттеринин стандарттык иштөө мөөнөтү 25 жыл, капиталдык оңдоодон өткөрүү менен мөөнөтү узартылган. Мөөнөтү бүткөндө жана техникалык абалына байланыштуу лифттер токтотулуп, иштен чыгарылууга тийиш.

Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 29-марттагы №170 "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине муниципалдык ифттерди, лифт жабдуусун жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" жобо менен аныкталган. Лифттерди алмаштыруу аталган документтин негизинде жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД