Вакцина боюнан түшүп калууга себеп болобу? Акушер-гинеколог жооп берет

Акушер-гинекологдордун кыргыз ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров кош бойлуу аялдарды эмдөө боюнча берилген суроолорго жооп берди.

Кош бойлуу аялдарды эмдөөгө болобу? Каршы көрсөтмөлөрү барбы?

Көптөгөн эл аралык уюмдар кош бойлуу аялдарга эмдөөнү сунушташат. Анткени илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы эмдөө пайдалуу экени билинди. Муну менен кош бойлуу аялда коронавирус жуктуруп алуу, ооруканага жатуу, реанимацияга түшүү жана жасалма дем алдыруучу аппаратка туташуу тобокелдиги азаят.

Бул көрсөткүчтөрдүн баарын эске алып, бүгүнкү күндө медициналык коомчулук кош бойлуу аялдарга 20-жумадан кийин COVID-19га каршы эмдөө алууну сунуштайт.

Вакцина боюнан түшүп калууга себеп болобу?

Бүгүнкү күндө абдан чоң изилдөөлөр жүргүзүлдү. Вакцина алган жана эмделбеген аялдар арасында салыштырма изилдөө жүргүзүлгөн. 100 миң кош бойлуу аялдын боюнан түшүп калуу жыштыгы, эмдөө албаган аялдар арасында дагы байкалат. Алардын боюнан түшүп калуу себеби эмделбеген аялдардын тобуна дагы тийиштүү себептерден улам болгон. Бул жерде вакцина боюнан түшүп калуулардын жыштыгына таасир эте албастыгын көрсөттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД