Жер кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда

24-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын мыйзамына) ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов белгилегендей, мыйзам долбоору жайыттарды натыйжалуу башкарууга жана рационалдуу пайдаланууга багытталып, жайыттарды башкаруу чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууну көздөйт. Ага ылайык, жайыттарды мергенчилик, аарычылык, дары чөп чогултуу, жер-жемиш өстүрүү, туризм, балыкчылык багытында колдонуу үчүн жергиликтүү элдин кызыкчылыгын эске алуу менен жеке жана юридикалык жактарга 5 жылдык, кийин 20 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен убактылуу пайдаланууга берүү сунушталдууда.

Талкуу маалында депутат Нурбек Алимбеков асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдалуу боюнча түзүлгөн ижара келишимин 20 жылдан кийин да узартуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сурады. Өз кезегинде Нурлан Шерипов бардык шарттар жана талаптар аткарылса келишимди дагы да узартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдады. Муну менен катар депутат Алишер Эрбаев асылдуулугу боюнча жайыттарды инвентаризациялоо зарылчылыгына токтолду. Андан сырткары, депутаттар агрардык сектордогу көйгөйлөрдү көтөрүшүп, мыйзамга байланышкан бир катар сунуштарды беришти.

Талкуудан соң мыйзам долбоорун кийинки отурумда да кайрадан кароо чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД