Бишкекте тазалык тартибин сактабаган бир катар ишканаларга айып салынды

Бишкекте тазалык тартибин сактабаган бир катар ишканаларга айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн (Абдрахманов №152 дарегиндеги) "Азия Батыш Бишкек" жана "Шерой" ишканалары КР "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесине ылайык 13 миң сомго, ал эми шаар тургуну Ж.Н. 3 миң сомго айып тартышат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын тургуну М.к.Д. өндүрүш калдыктарын белгиленген жерге төкпөстөн, үйүнүн жанына таштагандыгы үчүн 7500 сом айып салынды.

Ошондой эле 179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, өз алдынча жер казуу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн "Бай Бол" ишканасы жоопкерчилик тартат.

Ал эми "Битрейд Имплекс" ишканасы Курчатов №65 дарегиндеги жолду булгап, 177-берененин 2-бөлүгү менен 23 миң сомго айыпталды. Бирок өкүлдөр күнөөсүн мойнуна албагандыгы үчүн иш мыйзам бузуулар боюнча административдик комиссиясында каралат.

Суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;

- Октябрь району боюнча: 0505523832;

- Биринчи май району боюнча: 0555404818;

- Ленин району боюнча: 0554222213.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД