Казакстандагы акыркы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Сыдыков Чолпонбекке борбор калаанын мэриясы колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, муниципалитеттин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүндү. Азыр ал Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда.