Экс-депутаттар Пирматов менен Узакбаев эки айга камалды

Экс-депутаттар Пирматов менен Узакбаев эки айга камалды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 2-июнда каралган. Анын жыйынтыгы менен сот аларды 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторунда кармалат.

Белгилей кетсек, 31-майда Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев Кумтөр долбоорун ишке ашырууда жемкорлук фактысы боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Коррупция) негизинде УКМКга суракка чакырылып, кийин 48 саатка камакка алынган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД