Окуучулар арасында гитара чертүү боюнча сынак өткөрүлөт. Шарты кандай?

Кыргызстанда музыка жана искусство мектептеринин гитара классында окуган окуучулар арасында республикалык сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын тунгуч гитарачыларынын бири, музыка таануучу жана профессор Даниал Назарматовдун 80 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.

Иш-чара балдар арасында таланттуу окуучуларды табуу, гитарада ойноонун техникалык ыкмаларын жогорулатуу, таланттуу жаш аткаруучуларды эл аралык конкурстарга алып чыгуу максатында өтмөкчү.

Сынакка өлкөдөгү музыка жана искусство мектептеринин окуучулары, жеке менчик мектеп, атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алат.

Кароо-сынак үч тур менен өтөт. Биринчи турда катышуучулардын саны чектелбейт. 1-2-3-орунду алгандар II турга катышууга мүмкүнчүлүк алат. II тур облустардын борборлорунда, ал эми III тур Бишкек шаарында 4-февралда болот.

Баш байгени алган окуучунун мугалимдери диплом, грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланары кошумчаланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД