Казакстанда Башмыйзамды кайра жазуу демилгеси көтөрүлдү

Алматыдагы бир катар ишкерлер, юристтер, окумуштуулар, мугалимдер "Республиканы колдоо кыймылы" аттуу коомдук бирикме түзгөнүн "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Маалыматка караганда, кыймыл Нурсултан Назарбаев түптөп, элбашы болуп турган кезинде тамырын терең жайдырган авторитардык системаны түбүнөн "жулуп таштоо", тактап айтканда, Башмыйзамды кайра жазуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

"Республиканы колдоо кыймылы" бул боюнча атайын маалымат жыйын өткөрүп, баяндама жасаганын айтат "Азаттык". Кыймылдын жетекчиси Азамат Тилеевдин пикиринде, канча жыл "бир адамдын колунда болуп келген" системаны өзгөртүп, калк бийлигин калыбына келтирүү кажет. Ал үчүн Башмыйзамды кайра жазып чыгуу зарыл.

Андан тышкары маалымат жыйында жыл аягына чейин акимдерди, жергиликтүү кеңешти, парламентти таратып, "жаңы жазылган Башмыйзамдын" негизинде кайра шайлоо өткөрүү сунушун беришти. Ишкер Нурлан Эскалиев болсо, ушул кыймылдын өкүлдөрүн да мамлекеттик башкарууга тартуу механизмдери керектигин айтты.

Эгер шайлоо кайра өтө турган болсо, "Республиканы колдоо кыймылынын" да катышуу ниети бар экенин жетекчиси Азамат Тилеев билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД