Жаңы конуштун жашоочуларына 999 техникалык паспорт берилди

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 25-январга карата конуштардын тургундарына 999 техникалык паспорт берилген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Жер-Ынтымагы" конушу боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 10 учурда четке кагылган, 1012 техникалык паспорт берилген.

Ошондой эле, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамическая, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарында декабрь айынан бери 1384 кайрылуу келип түшкөн.

2022-жылдын 11-январынан тарта Дордой-2 жаңы конушунда да иш башталып, анын тургундары 419 арыз менен кайрылышкан.

17-январдан бери Ак-Тилек конушунан 186 арыз кабыл алынган. Ак-Босого конушунун тургундарынан 127 кайрылуу түшкөн.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

"Урматтуу шаардыктар! Расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болгондор болсо, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Каттоо үчүн керектүү документтердин тизмеси шилтемеде: https://www.meria.kg/ru/post/23317


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД