Өткөн жылы транспорт тармагына канча акча бөлүнгөн?

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагындагы автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маселе каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында аталган маселе боюнча транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев маалымат берди. Анын айтымында 2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөн. Тагыраагы, Балыкчы-Бөкөнбаев- Каракол унаа жолун реконструкциялоого 1 млрд 250 млн сом, Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоого 275 млн сом, Баткен облусундагы унаа жолдорун курууга 286,5 млн сом каралган.

"2021-жылы 147 км узундугунда унаа жолдору курулган. Ал эми 2019-2020-жылдарга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карызы 1 млрд 300 млн сомду түзүп, азыркы учурдагы насыялык карызынын көлөмү 850 млн сом" – деген Нурланбек Кайынбаев бүгүнкү күндө унаа жолдорун реконструкциялоого жана курууга багытталган 14 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД