Бишкектеги автобустар менен троллейбустарга "тыгылган" жүргүнчүлөр

Бишкекте жол кире акысын көтөрүүнү талап кылган кичи автобустардын айдоочулары кайрадан каттамга чыккан жок. Бүгүн, 2-июнда эртең менентен тарта автобустар менен троллейбустарга адамдар батпай жатат. Азырынча мэрия бул тууралуу маалымат бере элек.

Айдоочулар мындай нааразычылыгын 3-майга эле пландаган. Бирок Баткендеги чек ара окуясына байланыштуу токтотушкан болчу.

Мындай окуя 2021-жылдын январында да болгон. 3 компаниядагы - "Чыгыш экспресс", "Дордой-Транс", "Узар-Вест" ЖЧКнын айдоочулары иш ташташкан.

19-январда айдоочулар менен мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жолугушуп, бул маселе май айында чечиле турганын айткан болчу.

Мэрия жол кирени 10 сомдон 15 сомго жогорулатуу жөнүндө токтом иштеп чыккан. Долбоор шаардык кеңештин кезектеги сессиясына киргизилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД