Жалпы Кыргызстан боюнча жарык берилди

Кыргызстан боюнча электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев брифинг учурунда республика боюнча колдонуучулардын 50 пайыздан ашыгына жарык берилгенин айтып, калгандары бир нече сааттан кийин калыбына келтирилерин белгилеген.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган. Анын себеби Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергошакекчеде авария болгону айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД