Кулак-мурун дарыгеринин сунуштамалары: эмне кылуу керек?

Антибиотиктер менен дарыланбаңыздар. Вирусту жеңүү үчүн белгилери боюнча дарыланууну баштоо керек.

Мисалы, мурун бүтсө, азыраак туздун аралашмасын даярдап, мурунду жууш керек.

Тамак үчүн сода аралашмасын, чөптөрдүн кайнатмаларын (календула, ромашка) колдонууга же алардын аралашмасын жасап чайкоого болот (1 аш кашык чөпкө 1 стакан кайнак суу куюп, демдеп, 5-10 мүнөттөн кийин чыпкалап, жылуу аралашма менен күнүнө 3-4 жолу тамакты чайкап туруу). Бирок бирөөнү гана пайдалануу керек.

Кайнатмаларды алмак-салмак пайдаланбаш керек. Пайдалануу алдында чөптүн жарактуулук мезгилин сөзсүз караңыз. Ошондой эле фурацилинди (майдаланган же 1-2 таблетка) 200 мл кайнатып муздатылган сууга эритип колдонууга болот.

Тамактын кургак болушу жана кычышуусу жутуу учурунда катуу оорутушу мүмкүн, ошондуктан ооруну басуучу таблеткаларды же спрейлерди колдонууга болот.

Сөзсүз түрдө дарыгерден кеңешин алыңыз.

Белгилей кетсек, омикрондо муундар катуу ооруйт.

Интоксикация узакка созулат, кээде бул антибиотиктерди ичүүгө байланыштуу. Эгерде дене табы 3-4 күн бою түшпөсө жана кармалып турса, абал начарласа, дароо дарыгерге кайрылып, туура дарылоону баштоо зарыл.

Суюктукту көп ичүү (дененин 1 кг салмагына 30 мл), ооруп жаткан тамакты жабыркатып албаш үчүн өтө ысыкты ичпеңиздер.

Жатпаңыздар, анткени кыймыл аз болуп, жатып алганыбызда жана сууну аз ичкенибизде туруп калуу процесси жүрөт – бул жаман. Кыймылдуу болуу керек.

Жаңы "омикрон" штаммынын жогорку жугуштуулугун түшүнүү абдан маанилүү, ошондуктан алдын алуу чараларын сактоо керек – бул коомдук жайларда маска тагынуу, колду таза жууп жүрүү жана албетте эмдөөдөн өтүү!

Жөнөкөй эле коопсуздук чараларын сактоо менен Сиз өзүңүздүн гана эмес, жакындарыңыздын да коопсуздугун камсыздап жатканыңызды унутпаңыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД