Эл ооруканаларга кандай белгилер менен көп кайрылып жатат? Дарыгердин жообу

№3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун отоларинголог дарыгери Майрам Жумалиева калк кандай белгилер менен көп кайрылып жатканы тууралуу айтып берди.

"Бүгүнкү күндө илдетти, анын ичинде омикронду жугузгандардын саны өсүүдө. Омикрон штаммы тез таралышы менен айырмаланары белгилүү. Эгерде үй-бүлөдө бир адам ооруса, анда вирус үйдөгүлөрдүн дээрлик бардыгына жугат.

Көбүнчө катуу тамак оору, тамактын кычышуусу, тамактын кургоосу, кургак жөтөл, муундардын катуу оорушу, баш жана белдин оорусун айтышууда.

Өз алдынча дарыланууга болбойт, бул белгилердин баарына ооруну басаңдатуучу дары жардам бербейт. Бардык эле адамдардын дене табы көтөрүлгөн жок, бирок начар интоксикация жүрүүдө.

Эгерде дене табыңыз көтөрүлсө, аны түшүрүүгө же антибиотиктерди ичүүгө шашылбаңыз. Бул туура эмес. Анткени вирус сиздин организмге киргенде организм дене табынын көтөрүлүшү же лимфа түйүндөрүнүн кеңейиши аркылуу коргоно баштайт. Бул туура реакция болуп саналат", - отоларинголог (кулак-мурун) дарыгер М. Жумалиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД