Инандыны табууну талап кылгандар кайрадан түрк элчилигинин астына чыкты

31-майдын түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында кайрадан митингге чыкты.

Митингге жүздөн ашуун адам катышууда. Алар Орхан Инандынын жоголушунун артында түрк атайын кызматтары турушу мүмкүн дешет. Элчилик болсо мындай дооматтарга үн ката элек.

Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров 1-июнда кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Атайын кызмат Орхан Инандыны издөө иштерине Ички иштер министрлигине ар тараптуу жардам берип жатканын, 2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтор Инандыны уурдап, акча талап кылышы мүмкүн деген маалымат болгонун билдирген. Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тобу түзүлгөн.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, Кыргызстандын жарандыгын алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД