Пакистандык инвестор президенттен адилеттүү соттук териштирүүнү суранды

Пакистанда төрөлүп, учурда Кыргызстандын жараны жана ири инвестор Назир Мухаммад Имран Назир Ахмед президент Садыр Жапаровдон өзүн адилеттүү соттук териштирүүдө укугун коргоп берүүнү өтүндү. Айтымында, Кыргызстанга келген ар бир инвестор өзүн толук коопсуз сезиши үчүн колдон келгендин бардыгы жасалаарын мамлекет башчы буга чейин бир нече жолу билдирген.

"Мен дайыма Кыргызстандын абийирдүү жараны жана ишкери болуп келгениме карабай, алар сот системасын колдонуп, мени алдап кеткиси келип жатышат. 20 жыл ичинде мен өлкөгө 10 миллион долларлык инвестиция алып келдим. Жана мен бул убакыт ичинде мамлекетке тиешелүү салыктарды жана башка чегерүүлөрдү дайыма мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөп турчумун. Жумуш орундарын ачып, кайрымдуулукту да унутканым жок. Ошондуктан, президенттен менин ишимди көзөмөлгө алуусун суранам", - деген Назир Мухаммад Имран Назир Ахмед өзүнүн окуясын кеңири айтып берди. Ошол эле учурда ал ар бир сөзүн документтер менен толуктап турду.

2017-жылы ал Добрынина аттуу айымдан Токмоктон жер тилкеси менен бирге имаратты 300 миң долларга кийин акчасын берем деп сатып алган. Ошол убакта Виктор Финк аттуу Германиянын жараны ишеним кат аркылуу анын атынан иш жүргүзгөн, мындайча айтканда, бул окуяда ал негизги ролдордун бирин ойнойт.

"Финк менден акчанын 100 миң доллар өлчөмүндөгү биринчи бөлүгүн алгандан кийин, имаратты бир айдан кийин бошотуп бериши керек болчу. Өкүнүчтүүсү андай болгон жок, бир айдан кийин да, андан кийин да ал бошотпой койду. Натыйжада бир жылдан кийин мен сотко кайрылууга аргасыз болдум, анткени келишимдин шарттары бузулуп, бардык мөөнөттөр өтүп кетти. Албетте, үч инстанцияда тең соттон мен жеңип чыктым. Соттон утулуп калгандан кийин Финк Германияга кетип калды да, ошол бойдон дайынын билгизген жок. 2019-жылы Финктин кызы Германиядан келип, атасы өлүм алдында жатканын кабарлады. Ошондой эле, ал Добрынинадан ишеним кат алганын айтты. Бирок, биз келишимди жаба алган жокпуз, себеби имарат Финктин өзүнүн арызы менен камакка алынганы белгилүү болду", - деди ишкер.

Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Назир Мухаммад Имран Виктор Финктин аброю Кыргызстанда бир топ шек жарата турганын билген. Маалымат алуу үчүн анын атын Google'га киргизүү жетиштүү. ЖМКлардын маалыматына караганда, бул адам мамлекетке 1,4 миллион еврого жакын зыян келтирген.

"Ошондон кийин Финк менен бизнес жүргүзүүдөн абайлай баштадым, Добрынина айымды издеп жүрүп, аны Орусиядан таптым. Сүйлөшүү учурунда, анын Финктен мен берген 100 миң доллар акча албаганы белгилүү болду. Мындайча айтканда, Финк ал акчаны өзү кымырып алыптыр. Ошондо мен Добрынина айым менен ал Кыргызстанга келгенде, калган акчасын берип, имаратты камактан чыгарып алууну сүйлөштүк", - деди ал.

Андан кийин дароо эле Виктор Финк өзү пайда болуп, калган акчаны төлөбөй жатат деп имараттын жаңы ээсин сотко берди. Ишкердин айтымында, Добрынина Финкке ишеним катты кайрадан жазып берүүдөн баш тарткан, бирок Финк нотариуста иштеген таанышынын жардамы менен дооматтардан баш тартуу жөнүндө келишим жасатып алган.

"Баса, анын жактоочусу мурда жасалма ишеним каттары бар иштер боюнча жоопко тартылганын билдим. Эми мен Ленин райондук сотунун чечими менен Финкке негизги карыз катары 16 миллион сомдон ашык акча, жана дагы ошончо сумманы туум катары төлөп беришим керектелет. Андан сырткары 200 миң сомдон ашык акча мамлекеттик пошлина да бар. Судья ишти караганда дооматтардан баш тартуу жөнүндө келишимди негиз кылган. Эң негизгиси, Добрынинанын өкүлүнүн Финк Добрынинанын 300 миң долларын кымырып алганын судья эске алган жок. Соттун бул чечими жана экинчи инстанциядагы соттун чечими таптакыр мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейм, анткени Добрынина өзү Германиянын жараны Финк соттун жардамы менен анын мүлкүн уурдап жатат деген билдирүүсү эске алынбай калган. Анткени, сот мени бүт сумманы жана туумду Финкке төлөп берүүгө милдеттендирди", - дейт Назир Мухаммад Имран Назир Ахмед.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД