Акыйкатчы кыргыз жарандыгын ала албай жүргөн йемендик адамга жардам берди

Акыйкатчы аппараты йемендик адамга Кыргызстандын жарандыгын алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КР Акыйкатчысынын кеңсесине Йемендин жараны Бахейт Халед Абдулла Мохамед КР жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын билдирүүсүнөн көрүнүп тургандай, ал көп убакыттан бери Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала албай, мамлекеттик тиешелүү органдарга кайрылып, бирок натыйжа чыккан эмес.

Бул арызды кароонун жүрүшүндө Акыйкатчы аппараты КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Бахейт Халед Абдулла Мухамедди Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле буга чейин Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуунун себептери боюнча маалымат берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн. КР УКМКнын жообунан келишим жол-жобосу жүрүп жатканы, эч кандай тоскоолдуктар жок, башкача айтканда, арыз ээсинин документтери кабыл алынганы жана тиешелүү комиссиянын андан ары кароосуна уруксат берилгени көрүнүп турат.

2021-жылдын 5-октябрында Бахейт Халед Абдулла Мухамеддин документтери мындан аркы иштөө үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине өткөрүлүп берилген. Ал эми көп убакыт өтпөй эле, 2021-жылдын 2-декабрында департаменттен УКМК менен макулдашылгандан кийин 2021-жылдын 22-ноябрында арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча арызы андан ары кароо үчүн КР президентине караштуу Жарандык берүү боюнча комиссияга жөнөтүлгөнү тууралуу жооп келген.

Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 18-январындагы жарлыгына ылайык, 1963-жылы туулган, улуту - араб, Йемен мамлекетинин Аден шаарында туулган Бахейт Халед Абдулла Мухамед Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД