"Бишкек" ЭЭЧинде алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүлгөн

"Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмүнүн аймагында алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын Башкы прокуратурасы жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан баалуу металлдарды камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактылары аныкталды.

Атап айтканда, Бажы кызматынын жана "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) кызмат адамдарынын колдоосу менен "Бишкек" ЭЭЧнүн аймагында уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири уулуу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды.

Белгиленген факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД