Министрлер кабинети "кара тизме" түзөт

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга ишке алууга тыюу салынган "кара тизме" түзүүнү пландап жатат.

Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган.

Үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында мурда коррупция же мамлекеттик/муниципалдык мүлктү уурдоо менен байланышкан кылмыштар үчүн соттолгон адамдарды кызматка алууга тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу каралган. Мындай чектөө соттуулугу жоюлгандарга да тиешелүү болот.

Ошондой эле кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүп, аны баарына ачык жарыялоо пландалууда. Бул реестрге киргизилгендер да кайра кызматка дайындалбайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД