Рыскелди Момбеков сотто БШКга утулуп калды

Рыскелди Момбековдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызын Бишкек шаарынын административдик соту карап канааттандырган жок. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

БШК 20-январда Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи Май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Буга анын жогорку кесиптик билими тууралуу алган дипломун УКМК мыйзамсыз деп тапканы себеп болгон. Момбеков БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД