Паспорт алууда опузалап акча талап кылган деп каттоо кызматкери кармалды

Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн Ш.Э.М. аттуу жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ш.Э.М., КР жаранынын паспортун алуу маселесин боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Кыргызстандын Х.Х.Х. аттуу жаранынан опузалап акча каражатын талап кылганы аныкталды.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД