Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү долбоорунун экинчи этабы башталат

25-январда Ош шаарынын мэриясында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, талкуу биринчи вице-мэр Марс Исаевдин жетекчилиги астында шаардык кеңештин депутаттарынын, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Жыйынтыгында долбоордун курулушу табигый экосистеманы сактап калуу менен ишке ашырылуусу сунушталып, катышуучулардын макулдугу менен чечим кабыл алынды.

Жакында долбоор кайра иштелип, толуктоолор киргизилет. Ал эми каржылоо Дүйнөлүк банк тарабынан гранттык негизде ишке ашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД