Үйүнөн тактайын сатып, акчасын ичип түгөтүп милицияга арыз жазган

Токмоктун тургуну өз үйүнөн жыгач устундарды уурдап, акчасына арак алып ичип, уурулук болгон деп милицияга арыз жазган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токмок ШИИБге жергиликтүү тургун 37-жаштагы Т.Д. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 15-январынан 16-январына караган түнү үйдүн короосунан жыгач устундарды уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.

Аталган факты Токмок ШИИБи тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси боюнча катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, арыз ээсинин өзү Т.Д. жыгач устундарды алып чыгып, Токмок шаарынын базарында сатып, алган акчасын ичип түгөтүп, туугандарына билинип калбасын деп, уурулук фактысы боюнча милицияга арыз менен кайрылганы белгилүү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД