Социалдык коргоо башкармалыгы балдарга майрамдык иш-чара уюштуруп берди

Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык коргоо башкармалыгы аз камсыз болгон жана калктын аярлуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн, апрель окуяларынын катышуучуларынын, ооган согушунун ардагерлеринин балдары жана майып, жетим балдар үчүн Орус драма театрында Жаңы жылдык майрам уюштуруп берди.

Свердлов райондук социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жамиля Жунусалиеванын айтымында, майрамдык иш-чара жакшы өтүп, ал район боюнча эки жарым миңдей бала камтыган. Анын 650сү майрамга катышкан. Балдар үчүн Орус драма театрында "Ханыша бака" жомогу көрсөтүлүп, Аяз ата менен Аяз кыз жомок каармандары менен бирге майрамдын көркүн ачкан. Ошондой эле балдарга ар биринин баасы 500 сомдон жогору турган белектер тартууланган.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Дамира Жолдошалиева четте карап турбай, балдарды майрамдатуу иш-чарасын уюштурууга катышкан. Ал өз куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү:

"Жаңы жылга байланыштуу биз балдар үчүн майрамдык иш-чараларды уюштурдук, анын ичинде Биринчи май районундагы балдар да бар. Ошондой эле, биз Тунгуч кичирайонундагы майып балдарга белектерди бердик, "Кудайберген" базары жактагы балдарды да куттуктадык. Бүгүн болсо, биз шаардын борборундагы МТУ-12де жаңы жылдык иш-чара уюштурдук. Иш-чара мамлекеттик тилде өттү. Биз жалпысынан миңден ашуун балага майрамдык маанай тартуулай алдык. Тилекке каршы, майрамдык иш-чараларга баардык эле балдар катыша алган жок, ошондуктан кээ бир ата-энелер белектерди квартал башчылары, үй комитеттери аркылуу берип жиберишибизди суранышты. Ошондой эле, жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүү үчүн мектептен жай бөлүп берген №29 мектептин директору Бактыяр Кадыровго ыраазычылык билдирип кетким келет. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, мен мектептин атынан түрдүү олимпиадаларга, спорттук мелдештерге катышкан балдарга белектердин 50 топтомун тапшырдым", - дейт Дамира Жолдошалиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД