Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 150 миңге жакын дозасы келди

Кыргызстанга Pfizer компаниясынын COVID19 каршы 149 миң 760 доза вакцинасы дүйнө жүзү боюнча вакцина менен акыйкат камсыздоого багытталган COVAX глобалдык демилгесинин алкагында келди. Бул тууралуу COVID19 каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөдө вакциналарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин ортосундагы Меморандумдун алкагында ЮНИСЕФ сатып алуу механизмдери аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле ЮНИСЕФтин колдоосу менен 4 муздаткыч жабдуулар сатып алынып, өлкөгө жеткирилди.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, эмдөө – бул COVID-19га каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүп, коопсуздук эрежелерин сактаңыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД