Жайнакова Гүлнур Бердибаевна билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жайнакова министрлер кабинетинин 19-январындагы тескемесинин негизинде министрдин орун басарлыгына дайындалган.
Белгилей кетсек, билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров берген арызынын негизинде кызматынан бошотулганы кабарланган болчу. Өмүров аталган кызматка 2019-жылдын 30-сентябрында дайындалган.