МАИнин жетекчисинин орун басарынын диплому жасалма деп шектелүүдө

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловдун жана КР Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири Зарылбек Сатаевдин жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндө диплому жасалма экендиги аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында УКМК тарабынан төмөнкү фактылар аныкталды: Аыркы учурда КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) жетекчилигинин, милициянын полковниги "С.Ы.К." жана КР Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири "С.З.А." жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар экендиги боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Алынган маалыматтарга ылайык, аталган жарандар кадр бөлүмдөрүнө Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын биринин "юриспруденция" адистиги жана К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу дипломдорун беришкен.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча текшерүүнүн материалдары КР мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн КР УКМК тарабынан каралып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД