УКМК: Журналист менен акындын видеотасмаларына тиешебиз жок

Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун кармалышы жана жеке жашоосуна байланыштуу видеотасманын таралышына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Атайын кызмат 26-январда маалымат таратты.

УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырды.

"Кээ бир кызыктар тараптар Атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен күнөөлөп, "катуу сөздөрдү, эпитеттерди" айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат. УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроо жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен коомчулукту адаштырбай, белгиленген тартипте ведомствого кайрылууларына чакырат" , -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Атайын кызматтын кызматкерлери коомудун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшап жатканы айтылат.

25-январда социалдык тармакка Temirov LIVE YouTube каналында иштеген журналисттин жеке жашоосуна байланыштуу видео тасма тараган. Бул коомчулукта катуу нааразылык жараткан.

Ага чейин 20-январда Temirov LIVE YouTube каналы "Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө жарыялаган.

Андан эки күн өткөндөн кийин эле аталган каналдын кеңсесине беткапчан милиция кызматкерлери кирип барып, тинтүү кылышкан. Иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармап, колун кайрып, алып кетишкен, бир күндөн кийин жарандык коомдун катуу талабынан кийин коё берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД