Ысык-Кɵл айланма жолу боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 26-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык ɵнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автомобиль жолунун (Корумду – Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы. Жыйынга транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча маалыматты Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанарбек Акаев берди. Анын айтымында, долбоор өлкөнүн негизги стратегиялык программаларына киргизилген. Алсак, Кувейт фонду 28,9 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя берет. Насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын 5 жылы жеңилдетилген. 2% пайыздык ставка менен берилет. Балыкчы-Каракол-Балыкчы унаа жолунун 104-184-чакырымдарын реконструкциялоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Дастанбек Жумабеков, Азизбек Турсунбаев бул долбоордун үстөк пайызы жогору экенине көңүл бурушту. Д.Жумабековдун айтымында, ушул сыяктуу долбоорлор боюнча үстөк пайыздар мурда 1%, 1,5% болчу. Ал ошондой эле автожолдун бир километрин курууга кеткен чыгымга кызыкты. Т.Тиллаев белгилегендей, долбоор боюнча баасы 1 млн 200 миң сомду түзөт, балким тендер өткөндөн кийин 800 млн сомго чейин төмөндөшү мүмкүн. "Долбоорго ылайык, экинчи категориядагы төрт тилкелүү жолду куруу, жол белгилерин орнотуу, унаа агымдарын, велосипед жана жөө адамдар өтүүчү жолдорду бөлүүчү бетон блокторду орнотуу, жарыктандыруу иштерин жүргүзүү пландалууда", - деди министрдин орун басары.

Депутат Камила Талиева жолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин сапаты, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө коррупциялык компонентти азайтуу маселесине токтолду. "Бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу, эффективдүү жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу зарыл. Анткени, насыялар боюнча карыздар карапайым элдин мойнуна жүк болуп жатат", - деп баса белгиледи парламентарий.

Мындан тышкары, депутаттар жолдорду курууга жана реконструкциялоого ата мекендик подрядчиктерди жана субподрядчиктерди тартуу, ачык жана ачык тендер өткөрүү маселесин көтөрүштү. Бир катар депутаттар өлкөнүн аймактарында жана алыскы айылдарында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД