Кыргызстандын балбан кыздар курамасы "Иван Ярыгин" Гран-присине катышат

Россияда кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча "Иван Ярыгин" Гран-приси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, турнир 27-30-январда Красноярск шаарында болот.

Кыргызстандын атынан аталган мелдеште алты балбан күч сынашат:

53 кг - Айжан Сабырбек кызы, Арууке Кадырбек кызы;

57 кг - Бермет Нуридин кызы, Танчолпон Кыбалбекова;

62 кг - Дильназ Сазанова;

68 кг - Нурзат Нуртаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД