Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялардын тармагы ачылды

Борбор калаада "Элкуб" компаниясынын Кыргызстандагы биринчи электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар тармагынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сз кызматы билдирди.

Эми электромобилдердин ээлери төмөнкү даректердеги станциялардан "кубат" ала алышат:

•"Томми Молл" соода борбору;

• "Азия Молл" соода борбору;

• "Ала-Арча" соода борбору;

• Фрунзе "Технопарк" гипермаркети;

•Фрунзе "ТЭЦ" гипермаркети;

• Фрунзедеги "Жал" гипермаркети;

•Глобус "ТЭЦ" гипермаркети;

•Лев Толстой көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;

•Медеров көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;

•"Интермедиа" бизнес борбору.

Ачылышка Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери да катышып, борбор калаадагы экологияны сактоо демилгеси үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД