
Милициянын кайгуул кызматкерлери кудуктардын капкагын уурдаганга шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 26-январында болжол менен саат 00:37 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Профсоюз жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран суу түүктөрү өткөн кудуктун капкагын уурдап жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келген учурда белгисиз жаран кудуктун капкагын уурдап бара жаткандыгы аныкталган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1972-жылы туулган М.К. аттуу жаранды аныкташып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.