КРга келген туристтерден COVID-19га каршы вакцина алуу талап кылынбайт

Кыргызстандын аймагына кирген туристтерден коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган сертификат милдеттүү түрдө талап кылынбайт. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Республикалык ыкчам штаб дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Бирок чет элдик коноктордун коронавируска тапшырган ПЦР-анализи сөзсүз каралат.

Учурдагы алгоритмдерге ылайык, тесттин терс жыйынтыгы үч суткага чейин эле жарактуу деп эсептелинет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД