Кудрет Тайчабаров: "Кутуруп келип бирөөнү сүзгөн эмесмин"

Бишкек эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) жетекчиси Кудрет Тайчабаров автокырсыкка кабылды. Маалыматты Тайчабаров Фейсбук барагында тастыктап, окуя 25-январда болгонун билдирди.

Бишкек ШИИБдин патрулдук милициясынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы саат 12:45 чамаларында Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишинде катталган.

Анда Daewoo Kalos үлгүсүндөгү жеңил унаа Тайчабаровдун Toyota Land Cruiser жолтандабасы менен кагышкан. Кырсыктан улам жеңил унаанын 21 жаштагы айдоочусу Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.

Ал эми Тайчабаров кырсык жол чырактар иштебей калган убакта болгонун билдирди. Анын айтымында, ал магистраль менен келе жатканда оң жана сол жактагы унааларга белги берген. Унаалар токтогон, ал эми үчүнчү полоса бош болгон. Ошол убакта жеңил унаа келип аны сүзгөн. 25-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында электр энергиясы үзгүлтүккө учуруган.

"Бир машина келип менин астымдан какты дагы, ылдыйга бараткан машинаны өйдө каратып салды. Бул деген чоң ылдамдыкта келип 180 тонналык унааны 180 градуска бурганга чейин катуу сокку болгон. Ал маселе кече чечилип, күнөөлүүлөр өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, "бүт баарын калыбына келтирип беребиз" деп [окуя] патрулдук милицияда катталып, бүт баары чечилген. Мен кутуруп кетип бирөөнү сүзүп салган учур болгон эмес", - деди Тайчабаров.

Ошондой эле аткаминер кырсыкка учураган Daewoo Kalos унаасынын айдоочусу "жол эрежелерин жана белгилерин билбегенин" айтып, "айдоочу күбөлүктү сатып алган" болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Тайчабаров 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин "Бишкек" ЭЭАнын башчысы болуп дайындалган. Анын бир тууган карындашы Адинай Марипова болсо президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгон. Ошондой эле ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ынтымак" партиясынан талапкерлигин койгон. Бирок мандат алуу үчүн жетиштүү добуш ала алган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД