
КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилеринин арасында ок атуу боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ЖАКнын тиринин базасында борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, өз алдынча бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын 20 жетекчилеринин арасында сынак өткөрүлдү.
Жыйынтыгында сыйлыктар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орунга ички аудит башкармалыгынын башчысы, полковник Улан Шапаков;
2-орун - Кадрлар башкармалыгынын башчысы, полковник Болот Имангазиев;
3-орун - Башкы штабдын башчысынын орун басары, полковник Улан Алымканов.
Жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.
Мелдеш 2022-жылга карата массалык спорттук иш-чаралардын календарлык планына ылайык өткөрүлдү. Мелдеш спортко болгон мамиле жана чеберчиликтин деңгээлин жогорулатууга стимулдардын бири болуп саналат.