Казакстандын Сенаты Назарбаевдин ыйгарым укуктарын кыскартты

Казакстан парламентинин сенаты жаңы түзөтүүлөрдү кабыл алды. Ага ылайык, өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңешине жана Казакстан элинин ассамблеясына (КЭА) өмүр бою төрагалык кылуу ченеми жокко чыгарылды. Бул тууралуу Orda.kz жазды.

"Сенаторлор Коопсуздук кеңеши жана Казакстан элинин ассамблеясындагы кызмат орду боюнча мамлекет башчысы жетектей турган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү колдошту. Ошол эле учурда мыйзам долбоорун талкуулоодо дагы бир түзөтүү киргизилди. Тагыраагы, "Биринчи Президент жөнүндө" мыйзамдын "тышкы жана ички негизги багыттар боюнча демилгелер Элбасы менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт" деген нормасы жокко чыгарылды. Ошентип, Сенат мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү концептуалдык жактан жактырды", - деди депутат Ляззат Сулеймен жыйында.

Буга чейин Назарбаевге Коопсуздук кеңешинде жана КЭАда өмүр бою жетекчиликке дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД