"Кыргыз жылуулук энерго" ишканасында коррупциялык көрүнүштөр аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын Чүй облустук филиалынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык иштер аныкталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, от казандардын бирин реконструкциялоо иштери ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылганы жана мыйзам бузууларга жол берилгени тастыкталган.

Аудитордук комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында, бюджеттик каражатты көмүскө жүгүртүүгө чыгаруунун кесепетинен мамлекетке 32,9 млн сом зыян келтирилген.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо, коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын, бюджеттик каражаттарды аныктоого багытталган тергөө жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД