Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 28-январда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында кар жаашы мүмкүн. Калгай аймактарда жаан-чачын болбойт.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11;
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз +2…+7;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +9…+11 градус жылуу болот.