УКМК: "Авангард-Строй" компаниясынын жетекчиси камалды

Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери Ч.К.Ч., Ж.Т.Д. жана "Авангард-Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси Т.Т.С. камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айыл аймактын аталган кызматкерлери курулуш иштери бүткөнүн тастыктаган документи жок, жеке тараптын кызыкчылыгын көздөп, компанияга 20 млн 607 миң 669 сом которгон. Мындан мамлекеттин казынасы 13 млн сомдон ашуун зыян тарткан.

Кармалган адамдар Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Айыл тургундарынын берген маалыматына караганда, Ат-Башы айылына бала бакча салуу үчүн өткөрүлгөн тендерди "Авангард-Строй" курулуш компаниясы утуп алган. Бирок акчасы которулуп бүткөнүнө карабастан, курулуш иши аягына чыкпай келет.

Айта кетсек, Нарын облустук ички иштер башкармалыгы 2019-жылы да "Авангард-Строй" компаниясынын УКМК белгилеген жетекчисине кылмыш ишин козгогон. Тактап айтканда, аталган компанияга "Жумгал районунун О. Ногойбаев атындагы орто мектебин курууда өлкө казынасына 8 млн сомдон ашуун зыян келтирген" деген айып коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД