Ташиевдин мандаты боюнча "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясы чечим кабыл алды

Депутат Шаирбек Ташиев өзү мүчө болуп турган "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясына депутаттык мандатын тапшыруу маселесин кароо боюнча кайрылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

26-январь күнү фракция жыйын өткөрүп, Шайырбек Ташиевдин кайрылуусун талкуулап, мандатын тапшырууга түрткү болгон жагдайларды иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоду.

Буга Ташиев №14 Жалал-Абад шайлоо округунан 21 миңден ашуун жарандын добушун алганы жана бир топ жарандын кайрылуусу себеп болгон.

"Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 12-беренесине ылайык, Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүү максатында, тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөбүз", –деп айтылат кайрылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев парламенттик шайлоодо №14 Жалал-Абад округунан депутат болуп келген.

Анын мандатын тапшырары тууралуу УКМК жетекчиси 23-январдагы маалымат жыйында айткан.

26-январда Ак үйдүн алдына бир топ жаран нааразылык акциясына чыгып, Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшырышына каршы экенин билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД