Видео - Ырчы Сайкал Садыбакасова турмушка чыгабы?

Ырчы Сайкал Садыбакасованын качан турмушка чыгары талкуу жаратты. Буга ырчынын жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде "той октябрь айында болот" деген сөзү себеп болду.

Окурмандардын көптөгөн суроолорунан кийин Сайкал Садыбакасова менен байланышканыбызда буларга токтолду.

"Маек учурунда мага "тоюң кайсы убакта, кайсы айда болгонун каалайт элең?" деген суроо берилген. Мен октябрь айында болгонун каалайм, анткени дал ошол убакта айлана дагы кооз болуп, баары жеткиликтүү болот дегем. Буюрган убакта той болот, балким, ушул жылдын октябрь айында, балким, кийинки же андан кийинки жылы болоттур", - деди ал.

Булак: super.kg


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД