Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттер маал-маалы менен жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен "Жаз" майрамын майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү жайлары маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Көзөмөл-өткөрүү бекеттер төмөндөгүдөй графикте иш алып барат:

- 2022-жылдын 29-30-январь күндөрү убактылуу жабык болот;

- 2022-жылдын 31-январы жумуш күнү;

- 2022-жылдын 01-03-февраль күндөрү убактылуу жабык болот;

- 2022-жылдын 04-февралы жумуш күнү;

- 2022-жылдын 05-06-февраль күндөрү убактылуу жабык болот;

- 2022-жылдын 07-февралы жумуш күнү.

"Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү жайлары 2022-жылдын 7-февралынан баштап атайын алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД