Тажик чек арачылары Баткен - Исфана унаа жолун бир тараптуу тосуп алышкан

Кыргыз-тажик чек арасында 27-январда саат 18:30га карата кырдаал чыңалган абалда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, саат 17:30дан 18:00гө чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн бир тараптуу тосушкан.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткендеги чек ара отрядынын башчысы Рустам Миршакиров окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Баткен облусундагы чек аранын бул тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимге кызмат өтөөгө өткөрүлдү.

УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери кырдаалга көз салууда жана абалды басаңдатуу боюнча чараларды көрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД