
Бүгүн, 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан айылдардын тургундары көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, кары-картаңдар, аялдар жана балдар убактылуу коопсуз жерге чыгарылууда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы саат 20.30 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.
Саат 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда.
Тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда.