
ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында атышууну тез арада токтотууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Зась эки өлкөнүн тең Коопсуздук кеңешинин катчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Мындан сырткары, ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанга жаңжалды чечүү үчүн керектүү жардам берүүгө даяр экенин маалымдаган.