Тажик тарап чек арага оор техникаларын алып келүүдө

27-январь саат 21:50 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын Ляккон айылынын чек ара постунда тажик аскерлери 3 БМП, 1 БТР 5 миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярданып жаткандыгы маалым болду. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Орто –Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө Ак-Татыр, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын жергиликтүү тургундарын жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуациялоо жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат, Кулунду, Сада айылдарында да жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан,жарандар коопсуз жайга эвакуацияланууда деп билдирди


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД