
Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки тез жардам унаасы менен жаракат алган төрт аскер Баткен облустук бириккен ооруканасына Көк-Таш айылынан келип түштү. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жараттын түрү: сыныктар.
Жабырлануучулардын ден соолугу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.