
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы саат 23.50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 минутага токтогондугун маалымдайт.
Ок атышуу токтогон убакта Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуусу пландаштырылган.
Бирок ошого карабай тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкери жайгашкан тарапка ок атууну токтопой жатышат.
2022-жылдын 28-январы саат 00.20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат.